0 %

Инструкция на Кыргызча

Расчет напольного
покрытия
Рассчитайте, сколько ламината потребуется для вашего помещения быстро и просто
Укладка и эксплуатация

Салууга чейин, салуу убактысында жана салынгандан кийин бөлмөдөгү климаттык шарттар төмөндөгү талаптарга ылайыктуу болууга тийиш:

  • бөлмөдөгү абанын температурасы > +18° С;
  • пол бетинин температурасы > +15° С;
  • абанын салыштырмалуу нымдуулугу 40% - 70%.
    instructions-5
    instructions-5

Салууга чейин ламинатталган полду таңгагынан чыгарбай туруп 48 саатка салынууга арналган бөлмөгө калтырыңыз.

instructions-6

Бардык беттер жалпы техникалык талаптарга ылайыктуу жана иштеп жаткан нормативдерге карата салууга жарамдуу болууга тийиш. Бетти каптоого даярдоо убагында төмөндөгү талаптардын сакталуусуна айрыкча назар бөлүү керек:

  • каптоо беттин кургактыгы, ным өлчөмүнүн нормасы (салмакты ным менен көрсөтүлгөн) ара жабуу плиталары үчүн - 4%, цемент-кум стяжкасы үчүн - 5%, тактай негиздер үчүн - 7%- тен ашык эмес;
    instructions-7
  • тегиздик (пол деңгээлинин бир метрге максималдуу айырмачылыгы 3 мм-ден көп эмес);
    instructions-2
  • катуулук/ көтөрүүчү жарамдуулугу;
  • салууга тийиш бет таза болуу керек.
    instructions-3

Тигишсиз полдордон тышкары ПВХ-дан жасалган полдор, линолеум, резина же жыгачтык жабуулар, жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга ылайыктуу болсо, пол салууга негиз бет катарында жарайт.

Текстилдик пол жабуулары негиз бет катарында жараксыз деп эсептелет.

Ток жылытуу менен жылынган полдордун негиз бет катарында жарамдуулугу чектелген.

Ламинатталган пол жабууларын суу менен жылытылган полго салууга болот. Бул учурда суу менен жылытылган полдор өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүн колдонуңуз.

Ток менен жылытылган полдордун жылытуу элементтери тигишсиз полдун үстүндө плёнкалуу электр жылытуучу түрүндө жатпаса, эгерде алар тигишсиз полдун бетон кабатынын ичине киргизилген болсо ламинатталган пол үчүн пайдаланууга негизинен жарамдуу.

Көңүл бургула! Беттин температурасы 28°C-дан жогору болбош керек.

instructions-28c

Жылытуучунун жасоочусу бет температурасынын эч убакта 28°C-дан жогору болбоосун камсыздаса, жөндөлмө плёнкалуу электр жылытуучулар негизиндеги жылуу полдор ламинатталган полдор үчүн пайдаланууга жарамдуу болот. Плёнкалуу электр жылытуучу негизиндеги стандарттык жылуу полдор экстремалдык температура айырмалыгында 28°C-дан бир топ жогору болгон температурасын жараткандыктан, салуу негизи катарында жараксыз деп эсептелет.

  1. Пол салууга чейин беттин мүмкүн болгон көрүнүүчү кемчиликтерин текшерүүгө тийиш. Бузулган бетке салууга болбойт.
    instructions-13
  2. Ламинатталган полдорду кураштыруу үчүн төмөндөгүлөр керектелет: рулетка, карандаш, араа, дубалга чейинки аралыкты сактоо үчүн кергичтер, калыңдыгы 0,2 мм полиэтилен плёнкасы, астына коюлуучу бийиктиги 3 мм ден чоң эмес үн изоляциялоочу материал жана кээде желим.
    instructions-9
  3. Тигишсиз полдун же минералдык негиздеги полдун бети толугу менен нымдан коргоочу полиэтилен плёнкасы менен жабылууга тийиш. Кошулуш жерлеринде плёнка тилкелери бир биринин четинин 200 мм-ден кем болбогон бөлүгүн жабылып салынууга тийиш. Бардык негиздер үчүн үн изоляциялоочу материалдарды колдонууга кеңеш берилет. Үн изоляциялоочу материал тийишме жолу менен кошулуп салынат, бири биринин четин жаппайт.
    instructions-10
    instructions-11
    instructions-12
  4. Ламинатталган пол жабуусунун элементтери ар убакытта оома жолу менен салынат.
  5. Пол такталарынын салууга арналган бетке бекитип кошууга (желим, шуруптар, мыктар менен) уруксат берилбейт.
    instructions-8
  6. Коңшулаш катарлардагы пол такталары кошулуштарынын минималдуу жылышуусу - 200 мм.
    instructions-19
  7. Бардык катуу курулуш жер беттеринин компенсациялык уруксаты - 8 – 10 мм.
    instructions-17
  8. Бардык эшик коюлуучу тешик орундарында, өтүш жерлеринде, татаал конфигурациялуу бөлмөлөрдө, узундугу же кеңдиги 10 м–ден чоң болгон бөлмөлөрдө кошуучу/босоголор коюуга тийиш.
    instructions-25
    instructions-26
  9. Бөлмөнүн терезелеринен жарык узунунан пол такталарынын кошулуштарына параллелдүү түрдө түшкөндөй болуп пол жабууларын салууга кеңеш берилет. Бул учурда пол жабуулары арасындагы тигиштер билинер-билинбес болот.
  1. Пол такталарында оюк (A) жана кыр (B) табыңыз.

    instructions-14

    Бөлмөнүн алыс сол бурчунан биринчи катарды салып баштаңыз. Пол тактасынын кыр (B) менен эки тарабын дубалга каратуу тийиш. Салууну баштап, дубалга чейинки аралыкты сактоо үчүн кергичтерди орнотуңуз.

    instructions-15
    instructions-17

    Пол такталарын туурасынан кеткен тараптан бири бирине кошуп мына ошентип катарды кураштырыңыз: биринчи пол тактасына жана ар кийинки салынган пол тактасына кезектеги пол тактасын басып кырын мурда салынган элементтин оюгуна бурч менен киргизиңиз. Андан кийин тактаны, толугу менен полго жаткандай болуп түшүрүңүз.

    instructions-16
  2. Биринчи катардын соңку тактасынан керектүү узундукту белгилеп араалап кесип алыңыз. Биринчи катардын соңку тактасынын калган бөлүгүнүн узундугу 200 мм-ден кем болбосо ошол калган бөлүгүнөн экинчи катарды салууга баштаңыз. Ар кийинки катарды мурунку катардын соңку тактасынын калган бөлүгүнөн салууга баштаңыз.

    Көңүл буруңуз! Ар кийинки катар такталарынын тийишме кошулуштарынын мурунку катардын такталарынын тийишме кошулуштарынан жылышы 200 мм-ден кем болбоого тийиш. Фаска жана/же айрыкча декор менен (мисалы, плитканы имитациялоо декору) жабууларды салып жылыштын бир калыптуулугу, фаска жана сүрөткө туура келүүсүнө өзгөчө көңүл буруңуз.

    instructions-19
  3. Экинчи жана ар кийинки катарды кураштырууга катардын такталарын туурасынан кеткен тараптан бири бирине кошуудан баштаңыз.

    Катар кураштырылгандан кийин аны көтөрүп кырын мурунку катардын оюгуна бурч менен киргизиңиз жана катардын бардык узундугуна толугу менен кулпу жабылгандай болуп түшүрүңүз.

    instructions-20
    instructions-21
    instructions-22
    instructions-23
  4. Соңку катардын соңку элементтерин эң анык түрдө кесүү үчүн:

    • дубалдан аралыгы 8-10 мм болгон пол тактасынын жардамы аркылуу акыркыдан алдынкы катарга белги салыңыз;
    • бул катарды бөлүп коюп салынган белгилерге ылайык пол такталарынын артык бөлүктөрүн кесиңиз;
    • акыркыдан алдынкы катарды жаңы такталардан салыңыз;
    • кесилген такталардын катарын соңку катар кылып колдонуңуз.

Коомдук жана коммерциялык милдет аткаруучу имараттарга пол салуу үчүн ушундай имараттарга мүнөздүү орточо нымдуулук деңгээлине өзгөчө көңүл буруңуз. Ушундай учурларда элементтерди атайын желим менен желимдөө колдонулат. Желимди үстүңкү кырга сыйпаңыз, элементтерди салуу убагында желимдин калганы элементтин бардык бириктиргич тигиштери боюнча тышка чыгууга тийиш. Желимдин калганын пол тактасынын бөлүгүнөн дароо же желим бир аз кургаганда кетирүүгө мүмкүн.

instructions-31
instructions-32
instructions-33

Көңүл буруңуз! Желимди сыйпагандан кийин пол такталары арасында көңдөйлөр калбаганын текшериңиз.

Эшик кутуларын ламинатталган пол жабуусу жана астына коюлуучу материалдын жалпы бийиктигине кыскартууга кеңеш берилет. Андан кийин пол тактасы эшик кутусунун астына киргендей болуп пол жабуусун салууга тийиш. Пол жабуусу жана дубал жана/же башка пол арасындагы компенсациялык көңдөйдү (8 – 10 мм) сактоого тийиш. Эгер Сиз эшик кутусунда пол салууну бүтүрсөңүз, жаңы пол тактасын туура киргизүүгө бул жерде салынган пол тактасы оюгунун чыгып турган төмөнкү бөлүгүндөгү кулпунун тишин тешкич менен кетириш керек. Бул жерде атайын желим кошулган жердин бекемдигин камсыздайт.

Эгер эшик кутуларын кыскартууга мүмкүн болбосо, мисалы, металл кутулар учурунда, ламинатталган пол жана дубал жана/же башка пол арасындагы тигиштерди серпилмелүү масса менен толтурууга же туура келе турган аяктоочу профильдер менен жабууга тийиш.

  • трубалар жайлашкан жерлерде өлчөө жүргүзүп компенсациялык көңдөйдү эске алып пол тактасына белги коюңуз.
  • Тешиктерди бурап тешиңиз, өлчөмдөрү трубалардын диаметринен эң аз 16 мм артык болууга тийиш.
    instructions-27
  • Пол тактасынын бөлүгүн тешиктерге 45° бурч менен араалап кесиңиз.
    instructions-28
  • Пол тактасынын кесилген бөлүгүн башка бөлүктөргө эп келиштирип желимдөөгө тийиш.
    instructions-29
  • Эмерек буттарына кийиз катмар бекитиңиз.
    instructions-S1
  • Оор эмеректерди башка жерге жылдырыш үчүн аны бир аз көтөрүп алыңыз.
    instructions-S4
  • Дивандардын жана креслолордун чыгырыктары жумшак болууга тийиш.
    instructions-S2
  • Полду суулуу эмес, бир аз нымдалган чүпүрөк менен сүртүп тазалаңыз.
    instructions-S5
    instructions-S6
  • Полго суу төгүлгөндө дароо сүртүү керек.
    instructions-S10
  • Чарыктоочу тазарткыч заттар жана пол жабууларына сүрүп зыян келтирүүчү башка каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт.
  • Полду сүрүүгө, мом же лак менен майлоого уруксат берилбейт.
    instructions-S11
  • Кургак тазалоо чаң соргучтарын колдонууга уруксат берилет.
    instructions-S9
  • Нымдуу тазалоо чаң соргучтарды (жуугуч чаң соргучтар) жана буу менен тазалоочуларды колдонууга уруксат берилбейт.
    instructions-S12
  • Пол жабууларын одуракай кирден сактоо үчүн кирүү зонасына кир кармагыч килемчелер коюңуз.
    instructions-S3
  • Пол жабууларына арналган тазарткыч каражаттар алкогол же уксус негизинде болууга тийиш. Тазарткыч катары бензин, лак кетиргич каражаттары, универсалдуу так кетирүүчүлөрүн колдонууга уруксат берилет.
  • Идиш жуугуч каражаттар, суюк самын жана кабык жасоочу башка тазарткыч каражаттарды колдонууга уруксат берилбейт.
    instructions-S7
    instructions-S8
  • Ламинатталган полдордун бекемдигине карабастан эгер бир бузулуш билинсе, чоң болбогон бузулган жерлерди атайын калыптоочу пастанын жардамы менен оңдоо мүмкүн. Пол тактасы толугу менен бузулган учурда аны адис алмаштырууга милдеттүү. Керек болгондо тапшыруучуңузга кайрылыңыз.
  1. Бул кепилдик, салуу жана эксплуатациялоо боюнча инструкциядагы талаптарын эске салып турак имараттарда салынган LA MOENA ламинатталган пол жабууларына таратылат. 
  2. Коргоо катарынын жана астындагы декоративдик кагаз катарынын сүрүлүшү же толугу менен кетирилиши түрүндөгү пол жабуусунун тактасынын бузулуусу кепилдик учур болот. Бузулган жер жакшы көрүнүп турган болууга тийиш, өлчөмдөрү эң аз 1 см болууга тийиш.
  3. Турмуштук нерселеринин түшүүсү натыйжасында пайда болгон жаракасыз оюктар, арзыбаган беттеги кабырылган жерлер кепилдик учур эмес. Учу учтуу нерселердин себебинен пайда болгон бузулуштар да кепилдиктен чыгарылат. 
  4. Кепилдик жалаң гана сырткы болгон бузулуштарга, мисалы, эмерек нерселеринен сүрүлүш себебинен булгануу же кабырылган жерлерге таратылбайт. 
  5. Кепилдик пол жабууларды тике дайындоо боюнча эмес пайдалануу, авариялар, жеңилгис күчтүү жагдайлардын жана турак имараттарда типтүү болбогон башка жагдайлардын натыйжасында пайда болгон бузулуштарга таратылбайт.
  6. Кепилдикти башка адамдарга берүүгө уруксат берилбейт, тике сатып алуучу гана ээси болот.
  7. Бузулган пол жабуусун салуу жана демонтаж сарптоолору кепилдиктен чыгарылат.
  8. Кепилдик учурун кабылдоо чечимин кабыл албастан мурун өндүрүүчү атынан өндүрүүчү же дистрибьютор өкүлүнүн пол жабуусу ичинде салынган имаратты салуу жана эксплуатациялоо талаптарынын сакталуусун текшерүү үчүн карап көрүүгө укугу бар.

* Кепилдик ламинат бетинин сүрүлүшүнө таратылат
1) класс
2) үйдө пайдалануу үчүн жарактуулук мөөнөтү
3) өнөр жайлык пайдаланууга жарактуулук мөөнөтү